Кыргызстандагы медициналык уюмдарга 49 ыкчам медициналык жардам көрсөтүү унаалары берилди. Бул тууралуу 25-декабрда КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка караганда, таратылган 49 тез жардам унаасынын 37си “Соболь” жана “Газель Некст” үлгүсүндөгү атайын техника “Коопсуз шаар” долбоорунан түшкөн каражатка, 12 “Форд Транзит” үлгүсүндөгү жасалма дем алдыруучу аппарат орнотулган 12 реанимобиль Ислам өнүктүрүү банкынын каржылоосунда алынган.
Жаңы техниканы тапшыруу аземи Өкмөт үйүнүн алдында болуп, саамалык КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин катышуусунда өткөн.
КР Саламаттык сактоо министрлигинин чечими менен Чүй облусуна 7, Баткен облусуна 4, Ысык-Көл облусуна 6, Ош облусуна 10, Жалал-Абад облусуна 4, Талас облусуна 2 жана Нарын облусуна 3 “Соболь” жана “Газель Некст” үлгүсүндөгү тез жардам унаалары бөлүнгөн.
12 реанимобилдин алтоо Бишкек шаардык ыкчам медицина борборуна, экөө Ош шаардык ыкчам медицина борборуна, экөө Санавиацияга, бирөө Талас аймактык ооруканасына жана Ош облустар аралык бириктирилген клиникалык ооруканасына бир реанимобиль бөлүнгөн.
КР Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда жакынкы убакта дагы 60 тез жардам унаасын алуу пландаштырылууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ