Menu

Путин АКШнын жаңы санкциялары тууралуу: Орусия «оройлукка» дайыма чыдай бербейт

Бөлүшүү:

Орусия президенти Владимир Путин азырынча Москва АКШнын ыктымал жаңы санкцияларына токтоолук менен мамиле кылып жатканын, бирок «өлкөгө карата мындай оройлукка дайыма эле чыдай берүүгө мүмкүн эмес экенин» айтты.

Путин Савонлинна шаарында Финляндиянын президенти Саули Ниинистё менен жолуккандан кийин билдирүү жасап, жаңы санкциялар тууралуу мыйзам долбоору Вашингтондун экономикалык атаандаштыктагы геосаясий артыкчылыктарын «өзгөчө уятсыздык менен» пайдалануу аракети деп атады. Орусия лидеринин айтымында, Москва жооп катары чараларды тиешелүү мыйзамдын акыркы варианты жарыялангандан кийин кабыл алат.

Кечээ Ак үйдүн коммуникациялар департаментинин башчысы Энтони Скарамуччи АКШ президенти Дональд Трамп Орусияга каршы санкциялар тууралуу жаңы мыйзам долбооруна вето коюп, ага азыр сунушталып жаткандан да «катаал» чектөө чараларын киргизиши мүмкүн экенин билдирген. Сенат Орусияга, Иранга жана Түндүк Кореяга карата санкцияларды киргизүү тууралуу мыйзамдын акыркы версиясын июлдун соңуна чейин кабыл алат.

Конгресс шейшембиде жактырган АКШнын жаңы санкциялары Орусия тараптан Крымдын аннексияланышына, анын Украина чыгышындагы аракеттерине жана орусиялык хакерлердин Кошмо Штаттардагы президенттик өнөктүккө кийлигишүүсүнө жооп катары кабыл алынганы турат. Алар кибероперацияларга тиешеси бар орусиялыктарга жана орусиялык фирмалар менен биргелешкен энергетикалык долбоорлорго катышып жаткан компанияларга тийиштүү болот.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 − = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: