Menu

Бухарада банк кызматкерлерин жер жана кыймылсыз мүлк салыктарын чогултууга мажбурлашууда

Бөлүшүү:

Декабрдан тарта Бухара облусундагы банкирлер үйлөрдү кыдырып, жер жана кыймылсыз мүлк салыгы боюнча карыздарды чогултуп жүрүшөт. Алар тапшырманы облустук прокуратура бергенин билдиришүүдө.

Бухара облусунун Каган райондук улуттук банкынын атын атагысы келбеген кызматкери 13-декабрда кесиптештери менен бирге көчөлөрдү үймө-үй кыдырып, салык чогултушканын айтты:

—Жумуш саат 9да башталат. 10:00дөн 16:00гө чейин маалелерди кыдырып, жер жана кыймылсыз мүлк салыгын чогултабыз. Ар бирибизге экиден квартал беришкен. Маале төрагасы жана жардамчысы да биз менен чогуу жүрөт. Андан соң райондун борбордук банкынын өкүлүнө маалымат беребиз.

Бухара облусунун борбордук банкынын жооптуу кызматкери бул маалыматты тастыктады, бирок анын себептерин түшүндүргөн жок. Ташкенттеги Борбордук банктын өкүлү жетекчилик кызматкерлердин салык чогултууга тартылышына тиешеси жок экенин айтты.

Бухара облустук прокуратурасы бул боюнча маалымат бере элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 88 = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: