Menu

Зилалиев «чабак» болсо, Пирматов «кит»

Бөлүшүү:

Төмөнкү эки макала Фейсбуктан алынды. Трибуна баракчасына жарыяланыптыр. Биз айрым жерлерине суроо коюп, жымсалдап чыгарып турган кербезибиз. Себеби, буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков «коррупцияга тиешеси бар адамдарды айткыла, көргөзгүлө» деген. Иш жүзүндө «кол ийрисине тартпаган» саясат болсо, Исхак Пирматовду УКМКга эртең эле камап, төмөнкү маалыматтардын негизинде кылмыш иштерин козгосо болбойбу? Талдоонун кажети жок. Зилалиев «чабак» болсо, Пирматов «кит» экенине ынанат элек. Дал ушундай көпөстөрдүн байлыгын мамлекеттин казынасына төктүрүү менен оңолот белек? Карапайым калк тишинин кирин соруп аткан чакта…

“Мыйзамсыз баюу”беренеси Исхак Пирматовго колдонулабы?

Жаңы бийлик келгенден бери өлкөдө мыйзамсыз байыган аткаминерлердин мүлктөрү текшерилип, айрымдарына кылмыш иштери козголууда. Жакында эле мамлекеттик салык кызматы Кыргызстандагы саясый, башкы административдик жана атайын кызматтарды ээлеген 141 аткаминер өз декларациясында мүлкүн жашырганын билдирген. Бул фактылар башкы прокуратурага өткөрүлүп берилгени да маалым болду. Эми жалаң гана айлыкка жашап жүрүп, эбегейсиз байлык топтогондорго кылмыш иши козголгону турат. Буга чейин мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге да «Мыйзамсыз баюу» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, анын банкта каткан миллиондору ачыкка чыккан.

«Мыйзамсыз баюу» беренеси колдонулуп, кылмыш жоопкерчилигине тартыла турган дагы бир фигура бар. Ал Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясынын депутаты Исхак Пирматов. Пирматов аскердик кызматын өтөгөндөн тарта эле өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштеп келген. Тактап айтканда, «Кыргызнефтегаз» ААКсында көп жыл эмгектенген. 2005-2008-жылдары аталган мекеменин материалдык-техника менен камсыздоо бөлүмүн жетектесе, андан кийин эки жылдан ашуун жетекчи болгон. Пирматов ушул жылдары эбегейсиз байлык топтогон. Алсак, анын менчигинде Кочкор-Ата шаарындагы «Керемет» санаториясы, «Кыргыз-Мунай» ЖЧКсына караштуу 100дөн ашуун баасы 200 миң долларды чапчыган май куюучу станцияларын кайда катат? Ала-Бука районунда 40 гектар жерди ээлеп алып, ага шабдалы, алча сыяктуу көп жылдык бактарды тиккен болсо, Аламүдүн районунда жер тилкелери, үйлөрү бар экени айтылып келет. Мындан сырткары, Пирматов 2009-жылы чыккан Тоуоta LC 200, 2010-жылкы Лексус 570 маркасындагы кымбат баалуу унааларга ээлик кылганычы? Бишкектин чок ортосундагы 12 кабаттуу үйдүн акыркы үч кабатын Исхак мырза толук менчиктеп алса, темир жол вокзалы тараптагы «Ала-Тоо» мейманканасы да анын ээлигинде экени жалганбы? Ошондой эле Пирматов ЖК депутаты Алтынбек Сулайманов, Икрамжан Илмиянов менен чогуу борбор калаада бир катар көп кабаттуу үйлөрдүн курулушун жүргүзгөнүн текшерсе болбойбу? Ал эми Балыкчы, Беловодск, Кызыл-Кыядагы нефтебазаларын шопуруна каттатып
койгону ыраспы?

Кыскасы, өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштеген Пирматовдун баш айланткан байлыктары текшерилиши керек. Ага «Мыйзамсыз баюу» беренеси колдонулушу зарыл. Бул коомчулуктун талабы.

Ала-Бука, Чаткалды да тоногонбу?

Жогорку Кеңештин бакыйган депутаты болуп отурган Пирматовдун коррупциялык иштерин бир четинен казып чыга турган болсок, анда аны жазага тартуу үчүн калган өмүрү да аздык кылбайбы?

Анын кримчөйрөгө катыштыгы бар адамдар менен да санаалаш болуп, анан алардын кызматка келүүсүнө себепчи болуп, алар аркылуу өзүнүн жеке финансылык кызыкчылыктарын жүзөгө ашырганы айтылып жүрөт. Мисалы, Ала-Бука районунун мурдагы акими С.Акпаралиев убагында кримчөйрөгө тиешеси болгонбу? Анан аны И.Пирматов колдоого алып, райондун акими кызматына алып келгени айтылат. Ал аркылуу Ала-Бука районунун аймагында жалпы суммасы 100 млн. сомдук балдар бакчалары жана башка социалдык объектилерди куруу боюнча тендерлерде өзүнө караштуу компаниялардын утушун камсыздаганы ашкереленеби? Болгондо да ал объектилердин курулушунун баасы байкаларлык көбөйтүлүп көрсөтүлгөнбү? Ал эми курулуштары болсо шаар куруу мыйзамдарын бузуу (ишти сапатсыз бүтүрүү) менен коштолгону аныкталабы?

Мындан сырткары, Исхак мырза өзүнүн бир кездеги жардамчысы болгон У.Рыскуловду геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттикке төрага кылып алып келип, «Спектр» ЖЧКсынын өкүлдөрүнөн «лицензияңарды алып коёбуз» деген коркутуу менен 850 миң АКШ долларын алышканы ачыкталабы? Ошону менен бирге бир катар кен чыгуучу жайлардын лицензиясына ээлик кылып калганы айтылууда.

Ошондой эле Пирматов өзүнө караштуу компаниялар аркылуу тендерге катышып, «Чаткал— Ала-Бука» жолундагы үч көпүрөнүн курулушунда утушка ээ болгону, бирок, ал көпүрөлөрдүн сапаты начар чыкканычы? Ошондо Исхак мырза өзү парламентке шайланып келген Ала-Бука, Чаткал райондорун каалагандай тоногон болуп атабы?..

Бекбол Айдаров

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 − = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: