Кинодепартаментинин “түшпөс ханына” айланган амалкөй директору Мукталы Бектеналиевге карата элибиздин эң элге белгилүү маданият тармагынын барандуу өкүлү, учурда депутат болуп олтурган Садык Шернияз тар чөйрөдө тамаша чынга салып: “Бектеналиевди коррупциянын символу катары калтырып, музейге коюп коюш керек” – деп айткан экен. Бул сөздө чынында тамаша деле жок. Чыркырган чындык. Себеби, Бектеналиев кыргыз киносуна бөлүнгөн миллиондорду канча жылдан бери каалагандай калчап келатат. Жоопко тартылып калбайын деп ар кандай ыкмалар менен жолун тазалап келет. Бектеналиев жердиги Таластан болот. Министр Жамангулов да таластык. Жамангуловдун жакында эле үйлөнгөнү белгилүү. Анын үлпөт тоюна күбө болгондор министр мырза Бектеналиевди өкүл ата койгондугун айтышууда. Бул министрде ким таза, ким коррупционер деген түшүнүк “жашабайт” окшойт. Жаштыкка салып, жердеш байкесин, болгондо да “чоң коррупционер” байкесин, ата кылып алганы көпчүлүккө жакпай турат. Эмнеге дегенде Бектеналиевдин былыктары толтура. Аны кызматтан алып, жоопко тартуу зарыл. Жамангулов эми бул ишти кантип аткарат? Канатын жайып, болушунча калкалаганга аракет кылаары турган иштир. Баса, Жамангулов таластык депутаттар, аттуу-баштуулар өкмөткө, президенттик аппаратка: “Таластан бир да министр жок, жок дегенде Жамангуловду министр кылып бергиле” – деп улам айтып, арман кылып жатып койдурушкан болчу. Ишенген кожобуз минтип атагынан чатагы арбындарга тиши өтпөй турса, эмненин жакшылыгы болсун!
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ