Учурда Ысык-Көл облусунун Тоң районунун акими кызматын аркалап аткан Улан Эсенгул уулу буга чейин эки ирет кылмыш жоопкерчилигине тартылганы маалым болду. ИИМден алынган тактамага караганда, Улан Эсенгул уулу адегенде 2008-жылы уурулук боюнча жоопкерчиликке тартылып, бирок амнистияга туш келип акталган. Экинчи ирет ал 2010-жылы ишенип тапшырылган мүлктү өзүмдүк кылып алган деген айып менен 1 жылга эркинен ажыратылган. Бирок үлгүлүү жүрүш-турушу үчүн эркиндикке чыгарылган экен. Убагында аны бул кызматка мурдагы премьер-министр Темир Сариев дайындаганын билебиз. Ошондо суроо туулат: мамлекетибиз коррупция, кылмыштуулук менен айыгышкан күрөш жүргүзүп атса, Темир Аргенбаевич эмне себептен эки ирет соттолгон адамды жогорку мамлекеттик кызматка дайындады экен? Бул жерде анын кандай кызыкчылыгы бар эле? Же ал соттолгон кылмышкерлерден жетекчилерди тарбиялап чыгаргысы келгенби? Балким президенттик шайлоодо иштеп берет деген түркөй түшүнүккө кептелип алган го. Өзүн болочоктогу президент катары эсептеген Темикенин бул кылыгы жамы журттун кыжырын кайнатаары талашсыз.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ