Дзюдо боюнча жапшар арасында Азия мелдеши аяктады. Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында 14-15-апрель күндөрү Кыргызстандан барган 24 кимоночондор татамиге чыгып өз күчтөрүн сынап көрүштү. Азия кубогун багынткандар арасында биздин Эрлан Шеров балабыз болгону бизди кубантпай коё албады. Ал 81 килограмм салмак ченинде өзбекстандык 4 балбанды катары менен таза жеңип чемпион аталды. Андан сырткары, Баяман Сагынбай уулу (66 кг.), Бегай Бейшенали кызы (57 кг.) жана Кристина Нежниковалар (78 кг.) татыктуу коло медалдарды багынтып, улуттук курамдар арасындагы жүгүртмөдө 3-орунду камсыз кыла алышкан.
Булак: ”Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ