Menu

Иса Өмүркулов, ЖКнын депутаты, “КСДП” фракциясынын лидери: “Коалицияны таратып жиберүүгө аргасыз болдук”

Бөлүшүү:

— Иса Шейшенкулович, өкмөттүн кышкы даярдыгын уга элексиңер? Бюжет маселеси дагы жогорку таңкыстык менен келиптир. Ушундай кыйын кырдаалда коалицияны таратып жиберип кайра куроо аргасыздыктын эле иши болуп калды окшойт?

— Жок, бул жерде эч кандай ызы-чуу болгон жок, ажиотаждын да бизге кереги жок. Коалиция ыдырабаса болот эле. Ал эми бир коалициянын ичиндегилердин саясый көз караштары бир багытты көздөбөсө, карама каршылыктар болсо, бул жол бизге жакшы натыйжа алып келбейт. Ошого байланыштуу коалицияны таратып жиберүүгө аргасыз болдук. Бул чечимге оңой менен келген жокпуз. Мындай чечимге келиш үчүн бир топ талкуулар болду, ар кандай кайчы пикирлер айтылды. Аягында жалпы депутаттардын колдоосу менен коалициядан чыгып кеттик.

— Сиз жыйында билдиргендей коалициянын биримдигин сакташ үчүн абдан эле аракет кылгандайсыз? Натыйжа эмне себептен чыкпай калды?

— Маселенин баардыгы Конституцияны өзгөртпөйбүз же өзгөртөбүз дегенден башталды. Ага чейин орчундуу нерселер жок болчу. Конституциялык реформага көз караштарыбыз эки башкы болуп калды. Мен муну мурда эле трибунадан “мындай коалициянын кереги жок”-деп айтканмын. Эгерде мамлекетке өтө зарыл болгон реформаларга каршы боло турган болсоңор коалициядан чыгып кеткиле дегем. Анда бизге “Ата-Мекен” фракциясынын лидери чыкпайбыз деп айткан. Тил табышууга жакшы эле аракет кылдык. Бирок таптакыр эле позицияларда радикалдык айырмалар болуп туруп алды.

— “Конституцияга реформа жасап, ушул убакытка чейинки кетирген каталарды оңдойбуз”-деп айттыңыз Биз анда буга чейин кайсыл Конституциянын негизинде жашап жүргөнбүз?

— Конституция жоголду деген сөз таптакыр эле Баш мыйзамыбыз жок дегенди билдирбейт. Бул жалпы элдин добушу менен кабыл алынган Конституция “Эркин-Тоо” гезитине жарыяланган. Ошол түп нускасы болуп эсептелинет. Китепче кылып чыгарып эч ким кол койбогону да белгилүү. Эл добуш бергенден кийин ал мыйзамга Конституциянын экинчи беренесине ылайык эл кабыл алган чечимге президент тарабынан кол коюууну талап кылбайт деп жазылып турат. Демек калганы баарына түшүнүктүү.

 Баян КУЛОВА

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: