Кыргызстандын аймагында жайгашкан аба майдандары Жер кодексин одоно бузуу менен иштеп жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик экотехинспекциянын жер көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Айнура Кенжебаева “КР учактары менен учуу кооптуубу? Коопсуздук жана авиабилеттердин баалары” аттуу тегерек столдо билдирди.
“Биздин комиссия бул боюнча текшерүүлөрдү жүргүзгөн. Жыйынтыгында Жер кодексинин нормаларын сактабай иштеп жаткандыгы аныкталган. Санитардык нормалар сакталган эмес. Муну жөнгө салуу иштерин жүргүзүү керек“, — деди Кенжебаева.
Өлкө аймагында 11 аэропорт бар. Анын ичинен бешөө эл аралык, алтоо ички каттамдар боюнча иш алып барат.
Булак: Кyrgdyztoay
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ