Menu

Кыргыз жарандарын орус-казак чек арасы ачылды деп алдаган шылуундар изделип жатат

Бөлүшүү:

Россияда жеке кызыкчылыгы үчүн такси жана автобус айдоочулары Казакстан менен чек аранын ачылышы жөнүндө жалган маалымат берип жатышат. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, шылуундар өздөрүн дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкери катары тааныштырып, Россиянын чек ара аймактарына жамааттык сапар уюштурушат. Дипломатиялык өкүлчүлүккө кыргызстандыктардан алдамчылык боюнча 22 билдирүү келип түшкөн.

Билдирүүлөрдө өзүн элчиликтин кызматкери деп тааныштырган Кубанычбек Жээнкулов аттуу адам Казакстандын чек арасынын ачылышы жөнүндө маалымдап, 7 миң рубльга жардам берем деп убада берген.

“Белгилей кетсек, “жашыл коридорду” берүү, башкача айтканда, чек ара аркылуу өтүү үчүн убактылуу ачуу жөнүндө чечим, Россия жана Казакстандын өкмөттөрү тарабынан гана кабыл алынат. Азыр 3500дөн ашуун кыргызстандыктар транзиттик ташууга уруксат күтүп, чек ара аймагында турушат. Туура эмес маалыматтардан жана жеке адамдардын алдамчылык аракеттеринен улам, Кыргызстандын жарандары турмуштук оор кырдаалга туш болушту” – деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү жарандарды алдап жүргөн шылуундарды издеп жатат.

Элчилик Россиядагы кыргыздарды орус-казак чек арасына кетүүдөн алыс болууга чакырат. Кыргызстанга тез арада кайтып келүү талап кылынса, авиакаттамдары аркылуу учуу жолун колдонууну сунуштайт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 + = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: