Рим папасы Франциск жекшемби күнү динге ишенгендерди Пасха майрамы менен куттуктады жана салтка айланган “Urbi et Orbi” (“Шаарга жана дүйнөгө”) кайрылуусун жарыялады. Анда зомбулук, адилетсиздик жана дүйнөдөгү бейпилдикке каршы коркунучтар туурасында сөз кылды.
Ватикандагы Ыйык Петр чиркөөсүндө кайрылуу жазаган Франциск согуш, ачарчылык, жакырчылык жана социалдык адилетсиздиктен качкан мигранттар менен качкындардын көйгөйлөрүн эстен чыгарбоого чакырды. Брюссель, Түркия жана башка өлкөлөрдөгү теракттар жөнүндө кеп козгоп, “сокур жана ырайымсыз зомбулукка” каршы дүйнө сүйүү куралын колдонушу керектигин айтты.
Понтифик Сирия жана Украинадагы кырдаал, Жакынкы Чыгыштагы чыңалуу туурасында да сөз кылды. Ал Сирия менен сириялык оппозициянын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жанданышы бул өлкөдөгү жаңжалды жөнгө салууга шарт түзөт деп үмүттөнөөрүн билдирди.
Бул күндөрү Пасха майрамына карата Ватиканда коопсуздук чаралары күчөтүлдү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ