Алтын мафиясы. Жерүй.
Жерүй элдик комиссиясы керектүү документтерди ала баштадык.
Төмөндө 5 млрд. доллар алтындын кору бар Жерүй алтын кени берилип кеткен конкурстун протоколунун көчүрмөсү. Кыргыз Өкмөтүнө 0% үлүш берген Россиялык ОАО “Восток-гоелдобыча” (кожоюну россиялык олигарх Муса Бажаев) ишканасы конкурсту утуп, ал эми Кыргыз Өкмөтүнө 50% берген Кыргызстандык ишканабыз ОАО “Кыргызалтын” утулуп калган. Конкурс, тендерлерде ата мекендик ишканаларга артыкчылык берилиш керек деп эсептейм. Кыргыз элинин кызыкчылыгына каршы келген, коррупциянын элементтери бар конкурс. Бул кенди өзүбүз иштетсек толук болмок.
Протоколго Тоо-кен комитеттинин төрагасы Дүйшенбек Зилалиев, ЖК депутаттары Галина Скрипкина, Кенжебек Бокоев, Райкан Төлөгөнов, И. Гусаров, ж.б. министрликтердин өкүлдөрү кол коюшкан. Таластын губернатору менен Талас районунун акиминин колу жок! Бул кылымдын аферасы! Кол койгон адамдар бул чыккынчылыктары үчүн жооп бериш керек!
Элдин байлыгы – Элге!
Айбек Бусурманкулов, “Жерүй” алтын кенннннни боюнча элдик комиссиянын төрагасы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ