Европа биримдиги Испаниянын Каталония автономдуу облусунун айланасындагы абалды жөнгө салууга кийлигише албайт. Бул тууралуу Европа кеңешинин башчысы Дональд Туск ЕБдин Брюсселдеги саммитинде билдирди.
Ал Евробиримдик Мадрид менен Барселонанын ортосунда ортомчу дагы боло албай турганын белгиледи.
Бейшембиде Испания өкмөтү Каталониянын автономиясын токтотуп, Конституциянын 155-беренесинин негизинде аймакта түз башкаруу киргизүүгө даяр экенин билдирген. 19-октябрда автономиядан өзүнүн көз карандысыздыгын жарыялаган-жарыялабагындыгы боюнча түшүндүрмө талап кылган Мадриддин Каталонияга берген ультиматум мөөнөтү аяктаган.
1-октябрда Каталонияда көз карандысыздык тууралуу референдум өтүп, добуш берген калктын 90 пайызынан ашыгы аймактын Испаниянын курамынан чыгышын колдогон. Мадрид ал референдумдун мыйзамсыз экенин билдирип келет.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ