Menu

Самат Ибраев деле бир караан окшойт…

Бөлүшүү:

Самат Ибраев деген эрен Жогорку Кеңештин аппаратын жетектеп жатканына бир топ убакыт өттү. Сакадай бою болгону менен амбициясы аттын башындай экенин жанында жүргөн «жанбагарлар» айтып калат. Аппаратка келгени кыйраткан бир ишин, же бир иш баштаган кадамын көрө элекпиз. Баягы иш-чара уюштуруу, кино тартуу менен эле ар кайсы жерде делбектеп жүрөт.  Кайсы жерде кандай иштеп жатканын өзү деле аңдап-билип, жон териси менен сезе албай жаткан өңдүу. Аппараттын ичиндеги ар бир ишин иликтебей эле коелу, былыгын чубап. «Башталат баары майдадан, байкабайт аны майда адам» – дегендей мурунку аппарат жетекчилер Жогорку Кеңештин ишин коомчулукка чагылдыруучу журналисттердин уруксат кагазын (аккредитациясын) бир жумада колуна карматып келгени маалым. Азыр эки айга аяк басса да түрдүү шылтоо менен баягы кирүү кагазын журналисттер ала албай жүрөт. Ушул нерсени  үч күндө чечип коюш оорбу?! Балким бул нерсе Ибраев үчүн майда-барат иштир. Кезек күткөн кесиптештер азаптын тозогу менен парламентке тизме аркылуу кирип чыгууда. Бул «майда» маселени Самат мырза качан ойлонуп, ойгоноор экен? Же кыялы менен коколоп алган эргул жерге түшкүсү келбей жатабы? Кокус максаты ишке ашып, президент болуп калса элге паспорт бермек турсун жаңы төрөлгөн балага күбөлүк бере албай кууратат го, ыя?

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 + = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: