Menu

Аиданын абалы жакшыра элек

Бөлүшүү:

Буга чейин мурдагы Баш прокурор Аида Салянованын абалы жакшы эмес экендиги айтылып, ага камкордук керек экени, убактылуу болсо да үй түрмөсүнө чыгара турууну сунуштаган тараптар болуп, коомдо да ал пикирлерди кубаттагандар чыккан. 9-июлда адвокат “Салянованын алы кетип, дем жетпей, энтигип жатканын, мындай абалдагы адам кардиологдун түздөн-түз көзөмөлүндө болушу керектигин” айткан. Ага Аида Салянованын жаш баласынын бар экендиги менен түшүндүрүшкөн болчу. Анын саламаттыгынын начарлап жатышынын биринчи себеби да дал ошол кичине баласына байланыштуу болуп жатканы айтылган. Чындап эле эне катары кичине эмчектеги баланын энеден алыс болуш Салянованын санаасын жеп, саламаттыгына терс
таасирин тийгизип жатышы толук мүмкүн. Бирок, анын адвокатынын айтымында саламаттыгына тийиштүү дары-дармектерди албай жатышы абалын оорлоткон. Ушул кезде да Аида Салянованын абалы жакшыра элек. Бул тууралуу анын адвокаты Рабига Сыдыкова билдирген.

«Абалы ошондой эле. Тиешелүү дарылана албай жатса кантип жакшырмак эле» – дейт Сыдыкова.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошоп чыгышына шектүү катары камакка алынган Салянова азыр Бишкектин №1 тергөө абагында отурат. Ал 15-июнда ооруканага которулуп, бирок 14 күндөн кийин кайра абакка жеткирилген. Туугандары ага жүрөк илдетинен тышкары «пневмония» деген диагноз коюлганын айтууда.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − = 96

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: