Акыркы бир сутка ичинде өлкөдө коронавирус илдети менен ооруп жаткан 10 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Оорудан айыккандар:
– Бишкек шаары – 6 бейтап,
– Ош облусу – 4 бейтап,
Учурда өлкөдө коронавирус илдетинен жалпы 745 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ