Милиция кызматкерлери Сокулук районунда таксисттин өлүмүнө шектелген үч адамды кармады. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымы боюнча, шектүү катары 21 жаштагы Ж.Р., 24 жаштагы А.Б. жана 31 жаштагы П.Ж. Анын экөөсү Талас облусунда жашырынып жүрүшкөн. Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча, адам өлтүрүү кылмышы маркум менен шектүүлөрдүн бирөөсү менен болгон уруштан улам болгон. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалган. Тергөө иштери жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, 12-мартта Чүй облусунун Сокулук районунда Белек айылына жакын аймакта эркек кишинин жансыз денеси табылган. Милиция 24 жаштагы жигиттин Бишкек шаарындагы такси кызматтардын биринде иштегенин аныктаган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ