Menu

Таабалды Тиллаев, ЖКнын депутаты: “Чек арадагы биздин активдүү жаштарга кошуналар психологиялык, моралдык кысым көрсөтүүдө”

Бөлүшүү:

– Таабылды мырза, Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Таш-Тумшук айылынын тургуну Каримов Асылбектин маселеси боюнча эмне айта аласыз?

– Ал Чоркух базарына барганда Тажикстандын атайын кызматтары «чек арадан мыйзам бузуу менен кирген» деп кармап кетишкен. Бүгүнкү күндө камакта экен. Биз тышкы иштер министрлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, аны бошотуу боюнча протоколдук тапшырма бердик. Ал жерде азырынча эч кандай чек ара жок. Чек аралаш жашаган эки өлкөнүн жарандарына жеңилдиктер берилген. Бирок, ошого карабай биздин жаранды кармап кетишкен. Мындай окуя буга чейин да болгон. Ошондуктан, өкмөт бул боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө тийиш. Делимитация, демаркация маселеси чечилгенге чейин эки облустун эли бири-бирине кенен-чонон кирип чыксын үчүн чечимдерди кабыл алышы керек.

– Мындай окуялар кандайдыр бир себептен улам болчу эле..

– Жергиликтүү элден уккан, такталбаган маалымат боюнча, чек арадагы биздин активдүү жаштарга кошуналар психологиялык, моралдык кысым көрсөтүп жаткан сыягы.

– 15-20-октябрда Баткенде чек араны тактоо боюнча эки тараптын жолугушуусу өттү. Ошондон кийин жылыштар байкалабы?

– Жылыш болуп кетти деп айталбайм. Бирок, сүйлөшүүлөрдүн болгону жакшы. Өкмөт бул жерде отура бербей, жеринде барып караса, маселе ошондо батыраак чечилет деп ойлойм.

Аттокур Жумаев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 33 = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: