Menu

Өмүрбек Бабанов: “Темирлан Султанбеков тез арада эркиндикке чыгышы керек!”

Бөлүшүү:

Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов жаш активист Темирлан Султанбековду камактан бошотууну суранат. Бул тууралуу ал бүгүн 14-октябрда Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, Темирлан Султанбековду тез арада бошотуу керек. Cаясий себептер менен анын эки айга камакка алынышы эркин сүйлөгөн кыргызстандыктарды коркутууга багытталган.

“Белгилүү болгондой бүгүн Садыр Жапаровдун тарапташтары эски аянтка чогулушууда. Алардын да конституциялык сөз эркиндигине жана тынч жыйынга катышуу укуктарын бийлик өкүлдөрү камсыз кылуусу тийиш! Талап кылган мыйзамдуулук бардык саясий күчтөргө жана бийликке бирдей болушу керек! Камоолор көйгөйдү чечпейт, тескерисинче тирешүүнү күчөтөт. Укук коргоо органдары жарандардын тынч чогулушка болгон конституциялык укугун коргошу керек! Провокация уюштуруп, таратуу, кармоо жана камакка алуу менен коркутпоого тийиш” – дейт ал.

Эскерте кетсек, Темирлан Султанбеков 10-октябрда Ички иштер министрлигинин тергөө тобу тарабынан массалык баш аламандыктарды уюштуруу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 48 саатка камакка алынган. 11-октябрда ал ачкачылык жарыялаган. 12-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май соту анын баш коргоо чарасын карап, массалык башаламандыкты уюштурганы үчүн 10-декабрга чейин СИЗО-1ге камакка алынгын. 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 + = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: