2018-жылдын 9 айында өлкө аймагында 5 миң 118 жол кырсыгы катталып, 458 адам каза болгон. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын алдындагы ыкчам изилдөө иштерин жана тергөөнү көзөмөлдөө башкармалыгынын ага прокурору Максат Камбаралиев билдирди.
Жол кырсыктарынын көбү Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагында катталган.
9 ай аралыгында жалпы 5 миң 118 жол кырсыгы катталып, 458 адам каза болуп, 6 миң 299 адам жаракат алган. Жашы жете электердин арасында 977 жол кырсыгы катталып, 62 бала каза болгон.
Жол кырсыктарынын негизинде 265 кылмыш иши козголуп, 4 миң 710 факт боюнча иш козгоодон баш тартылган. 147 факт боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ