Menu

“Жоо кеткенден кийин кылычтан ташка чапкан” Турганбаев

Бөлүшүү:

Жакында «Марал ФМ» радиосуна ИИМдин экс-министри Мелис Турганбаев маек куруп, Бакиевдин маалында Президенттин аппарат жетекчиси Медет Садыркуловго белек катары берилген «кулак» менен «сөөмөй» боюнча айтыптыр. Төбө чачты тик тургузган бул окуя боюнча учурунда абдан катуу сөз болуп, кандуу режимдин маалында элдин үрөйү аябай учкан. Бирок бийлик тарап «дың» этпегендиктен айтылган сөздөр оппозиция чыгарган ушак катары кабыл алынып, лидерлерге көө сыйпалып бүткөн. Эми ошону Мелис Турганбаев өзүнүн эрдиги катары айтып, ооз көптүрүп отурат. Кылмыштын бетин ачкан экен, бирок элге чыгарбаптыр. Мына Турганбаевдин өңү. Кыйын экен «кулак менен сөөмөйдүн» «авторун» эмнеге ошондо ачык айткан эмес? Себеби, айта албайт болчу. Айтты дегиче алар Турганбаевдин эки бутун бир кончуна тыгып коймок. «Жоо кеткенден кийин кылычыңды ташка чап» демекчи, кар жаап из басылгандан кийин аны козгоп «баатыр» болуунун кандай кажети бар?

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 − 67 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: