Menu

Киреше алып келүүчү ырымдарга ишенесизби?

Бөлүшүү:

Илгертен ата-бабаларыбыз колдонуп келе жаткан киреше алып келуүчү ырым -жырымдар бар. Бул ырымдар бекеринен колдонулган эмес чыгаар. Ошондуктан азыркы күнгө чейин колдонуп жатабыз да. Мисалы акча тактыкты сүйөт деп коет, ар дайым капчыгыңызда канча суммада акчаңыз бар экендигин билип журүү абзел. Бүгүнкү күндө ырым-жырымдардын айрымдары дагы да натыйжалуу болсо, айрымдары колдонулбай калган. Ошентсе да…

Дайым акчалуу жүрүү үчүн:

– Капчыкта бир бактылуу банкнота болушу керек, номиналы маанилүү эмес. Аны кантип тандайсыз? Акчадагы цифралардын акыркысы сиздин туулган жылыңыз болуусу шарт. Андай акчаны зарылдык жаралганда дагы колдонбой өзүнчө сактасаңыз кирешеңиз азайбайт.

– Дайыма капчыктагы акчалар ирээти менен болушу керек. Мисалы эң чоң номиналдагысы сиз тарапка жакын, калганы кезегине карап төмөндөп отурат. Салганда дагы оң-тетирисин карап салуу кажет.

– Биздин денебиздеги айрым өзгөрүүлөр алдыда боло турчу окуялардан кабар бериши мүмкүн. Мисалы сол алакандын кычышуусу жакын арада киреше түшөөрүнөн кабар берет.
– Эгер сиз кирешеңиздин айрым бөлүгүн жардамга муктаж адамдар менен чын жүрөгүңүздөн бөлүшсөңүз анда сиз эч убакта акчасыз калбайсыз. Бирок берип жатканда кайра мага кайтып келсин деген ой менен эмес тескерисинче чын дилиңиз менен берүү зарыл.

– Сиздин үйүңүз сиздин кирешенин булагы. Эгер үйүңүздө керексиз буюмдар көбөйүп кетсе алар оң энергетиканы өздөрүнө сиңире баштайт. Бул учурда киреше сизден кача башташы мүмкүн. Үйдөгү буюм-тайымдарды кез-кези менен ирээттеп, фэн-шуй алектенсе да болот.

– Айрымдар ар түрдүү статуеткалар дагы акча чакырышат деген ырымга терең ишенишет. Мисалы: тыйындардын үстүндө отурган бака.

– Бөлмө өсүмдүктөрү. Интерьерди кооздоо менен катар бөлмө гүлдөрү киреше алып келиши мүмкүн. Акча багы аттуу өсүмдүктү көпчүлүк кастарлап өстүрүшөт. Мындан тышкары бөлмөдөгү гүлдүн гүлдөшү дагы жакын арада көп өлчөмдө киреше түшөөрүнун жышааны болуп эсептелет.

– Көчөдө баратканда дагы буттун астын карап басуу керек. Эгер кокустан тыйын, аттын такасы же болбосо кандайдыр бир тагынчак таап алсаңыз анда алдыда сиздин финансылык абалыңыз жакшырат.

– Көпөлөктөр. Кооз көпөлөк же курт кумурскалар дагы кирешенин булагы деп эсептелинет. Ачык терезеден сиздин үйгө кооз көпөлөк кирсе анда акчалуу болосуз. Ошондуктан жылуу аба-ырайында терезени ачык кармаган оң.

– Чымчык чычып кетсе да илгертен бактылуу болосуң деп ырымдап коюшкан. Андыктан кокустан ушундай кырдаал болсо ага капаланбай андан көрө акчалуу болом деп жооруп коюу оң.

– Эгер кимдир бирөөдөн карыз болсоңуз аны түшкө чейинки убакытта бергениңиз дурус болот. Бул адат карыздан бат кутулууну жана финансылык абалыңыздын жакшырышын шарттайт.

– Кирешени үйгө тартуунун дагы бир жолу килемдин астында тыйын кармоо. Кандай номиналда экендиги маанилүү эмес. Болгону үйдү таза кармап, тыйынды килемдин астына коюп койсоңуз киреше үйгө тартылат экен.

– Мындан тышкары маяна алган күнү ал акчаны толугу менен коротуп ийүүгө ашыкпаңыз. Карызыңыз болсо дагы акчаны толугу менен бир күн үйгө түнөтүүнү адат кылсаңыз алган акчаңыз дагы берекелүү болот.

– Кээ бирлер маяна алганда акчасы берекелүү болуу үчүн алгач таттууларды сатып алат. Бул дагы ырымдардын бири.

Автор: Сайкал Илиасова

Булак: Мантыш

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 53 = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: