Menu

Кечээ көп кабаттуу автотоктотмо ачкан “Дордой” эртең “челнокчуларга” эстелик тургузат

Бөлүшүү:

Эртең, 7-декабрда саат 14:00дө Бишкек шаарындагы “Дордой плаза” соода борборунун астында “Челнокчуларга” арналган  эстелик-айкелдин ачылышы болот. “Челнокчулар” эстелиги “Дордой” ассоциациясынын демилгеси менен жасалып, анын ачылышы ассоциациянын туулган күнүнө карата өткөрүлүүдө.

Эске салсак, мурдагы СССР республикалары туташ кризиске тушуккан, катаал 1990-жылдары “челнокчулар” чоң тарыхый миссия аткарган. Мына ошол “челнокчулардын” өжөр эмгеги менен кыргыз мамлекети ыдырабай, сакталып калган десе да болот.

Ал эми “Дордойдун” ишмердүүлүгү боюнча дагы бир жаңылык.  Кечээ, 5-декабрь күнү Бишкекте автоунааларды токтотуучу көп кабаттуу имарат иштей баштады. Бул имаратты дагы “Дордой плаза” соода борбору курган. Ал жерге 300 автоунааны токтотуп коюуга болот.

“Дордой” ассоциациясынын президенти Аскар Салымбековдун айтымына караганда, соода борборунун айланасындагы жалпы жайларды кошкондо, 1000 унаа бата тургандай орун бар. Муну менен борборго келген кардарлар жол кыймылына тоскоолдук жаратпай тургандай шарт  түзүлгөн.

Жаңы салынган имаратта мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга да ыңгайлуу шарт түзүлүп, ар бир бөлүктө экиден лифт орнотулган.

Булак: KyrgyzToday

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: