Menu

Алмаз Акунов: “Салбурун боюнча спорт жетекчинин түшүнүгү абдан тар болуп жатат”

Бөлүшүү:

Жакында эле Казакстан жергесинде салбурун боюнча Азия чемпионаты өтүп, 9 мамлекеттен жүзгө жакын мүнүшкөрлөр «Бүркүт салуу» жана «Далба ойнотуу» боюнча күч сынашып, биздин Аман Исмаилов менен Түгөлбай Абдыкадыров Азия чемпиондугун багынтышкан. Бул тууралуу КР Салбурун федерациясынын президенти Алмаз Акунов менен чакан маек курдук.

– Алмаз мырза, биздин мүнүшкөрлөр жакында эле коңшу Казакстан жергесинде салбурун боюнча Азия чемпионатына катышып, жогорку ийгиликтерди жаратканы боюнча жакшы кабар уктук. Ушуну өз оозуңдан уксак кандай болот?

– 29-ноябрдан 2-декабрга чейин «Кусбеги-2018» деген аталышта Азия чемпионаты Алматы шаарында болду. Бул эми биздин Салбурун мелдеши десек болот. Казак боордоштор ушуну менен экинчи ирет жогорку деңгээлде өткөздү. Биринчиси мындан 3 жыл мурун болгон эле. Айрыкча бүркүтчү сынагы абдан курч мүнөздө өттү. 9 мамлекеттин ичинен 70 мүнүшкөр катышып, III Көчмөндөр оюнунда уткан теңир тоолук Аман Исмаилов деген азамат жигитибиздин бүркүтү жакшы даярдыкта келип, ар бир сыпаттамаларында эң жогорку бааларды алып, боордош казактардын «биз бул сынактан кыргыздардын бүркүттөрүнөн ашып өтөбүз» деген үмүттөрүн таш каптырып, «Азия чемпиону» деген наамды жеңип алды.

– Түгөлбай жөнүндө да айта кетпесең болбойт…

– Ителги түрүндөгү куштарды сыноо жагынан да күрөш катуу болду. Мында Ысык-Көлдүн Өрүктү айылынан сиз айткан Түгөлбай Абдыкадыров аттуу жигитибиз да алтын медалды багынтып, Азия чемпиону наамын жеңди. Абдан ишенимдүү түрдө утуп чыкты.

– Куш салуу жагынан алдыңкы орунга жетпей калдыкпы?

– Бу жерде да күрөш курч мүнөздө өттү. Казак боордоштор жогорудагы эки сынактан баш байгени алдырып ийгендерине ыза болуп, ичтери ачышып турганын байкадык. Кандай болгон күндө да «куш салуу» сынагынан бизге бербегенге аракет кылып, катуу жандалбастай башташты. Ош облусунан келген Абдрасул Кубатов деген жигитибиз байгелүү 4-орунду камсыздады. Ал эми ителги салуудан да байгелүү 4-орунду Ысык-Көл облусунун Өрнөк айылынан Уран Жумалиев аттуу мүнүшкөрүбүз жеңди.

– «Байгелүү» дегениңе караганда, казак боордоштор дардаңдашкан окшойт?

– Бу жагынан биз караандабайбыз. Чынын айтыш керек, байгени аяшпаптыр. 5-орунга чейин белек-бечкек берип атты. Анүстүнө Азия чемпионатына катыша турган бүркүт, куштардын саны көп болду.

– Бизде салбурун мелдеши республикалык деңгээлде байма-бай өтүп жүргөнүн билебиз. Ал эми атайын Азия чемпионаты өткөнүн укпаптырмын. Же биздин мамлекеттин шайы жокпу?

– Азия чемпионаты тургай, бүткүл дүйнөлүк кушчулар уюму симпозиумун бизде өткөрмөк болуп, бул боюнча Сапар Исаков премьер-министр болуп турган кезде кат киргизгенбиз. А киши макулдугун берип, тиешелүү тапшырмаларды тиешелүү бийлик бутактарына берет. Алар өз убагында «былк» этпей
коюп, айласыздан Салбурун федерациясы өз күчүбүз менен өткөргөнбүз. 51 мамлекеттен келген конокторду өзүбүз жайгарып, кээ бирлери жатаканасын, тамак-аштарын өздөрү каржылаган. Эң кызыгы, бүткүл дүйнөлүк кушчулар уюму жүздөн ашуун мамлекеттин ичинен Кыргызстанды тандап алган. Биз аябай уят болгонбуз. Өкмөттөн, облус башчыларынан же болбоду дегенде спорт агенттиктен ачылыш аземге келип коюшса болмок.

– Демек, биздин мамлекет мындай иш-чарага кызыкдар эмес окшойт…

– Эми караңыз, бүткүл дүйнөдөгү кушчулар клубу жана уюму мындан 40-50 жыл мурун түзүлүп, өздөрүнүн ишмердигин үзүл-кесил кылбай, бир калыпта жүргүзүп өнүктүрүп келет. А биз болсо мындан 10-12 жыл мурун эле жаңыдан калыптана баштадык. Ошого карабай бүткүл дүйнөлүк кушчулар уюмуна татыктуу мүчө боло алдык. Ал эми биздин бийликгеги адамдар куш эмне экенин жакшы таанып-билише элек, түшүнүшпөйт. «Мунун бизге эмне кереги бар?» дешет. Биздин өкмөт алдывдагы жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору болсо олимпиадалык спорт түрүнөн башка улуттук спортко көп көңүл бурбайт. Кабылдамасына кирип, 50дөн ашык мамлекет алектенген Салбурун боюнча түшүндүрүп берейин десем, «убактым тар» деп мени кабыл албайт. Өйдө жактагылар эле бу жигитке тапшырма берип кыймылдабаса, кыймылдай турган түрү жоктой сезилет…

Маектешкен: Сурат Жылкычиев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: