Menu

Ингушетияда Чеченстан менен жер алмашууга каршы акция уланууда

Бөлүшүү:

Ингушетияда Чеченстан менен жер алмашууга каршы болгон адамдардын нааразылык акциясы уланууда. Ондогон адам түнү бою Магас шаарындагы парламент имаратынын алдында болушту. Жергиликтүү тургундар аларга тамак-аш жана жылуу кийимдерди алып келип жатышканын «Кавказ түйүнү» сайты жазды.

Кечээ кечинде Ингушетиянын башчысы Юнус-Бек Евкуров акция катышуучуларын таркоого жана аянттан «балдар менен карыларды» алып кетүүгө чакырган.

Күн мурун Ингушетия жана Чеченстан башчылары Юнус-Бек Евкуров менен Рамзан Кадыров аймактар ортосундагы чек араны бекитүү тууралуу мыйзамга кол коюшкан. Анда республикалар ортосундагы адамдар жашабаган аймактарды алмашуу каралган. Бирок ингушетиялыктардын көбү алмашыла турган жерлер тең эмес деп эсептешүүдө.

Мыйзам каралып жаткан маалда Магас шаарында нааразылык акциясы өтүп, ага миңдеген киши катышкан. Анын жүрүшүндө полиция асманга ок аткан. Өлкөнүн Конститциялык соту нааразылык билдирип чыккан жарандарды колдоп, бул маселе боюнча референдум өткөрүү зарылдыгын билдирген.

Кадыров өз кезегинде ингушетиялыктарды нааразылык акцияларды токтотууга чакырган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: