Menu

Ашхабадда карылар үйүнүн жашоочулары ачкалыктан жапа чегүүдө

Бөлүшүү:

Ашхабадда карылар үйүнүн жашоочулары тамак-аштын жетишсиздигинен жабыркашууда.

Карыялардын бири пансиондун кызматкерлери аларды жакшы бакпай, тоё тамактандырбай жатышканын билдирди.

Түркмөнстанда карылар үйүнө барууну чечкендер пенсия алышпайт, акчалары мекеменин атайын эсебине которулат. Мындан тышкары аларга таандык кыймылсыз мүлк дагы мамлекеттин карамагына өтөт.

“Жашаган жерибиз эле жылуу болбосо, ачкалыктан жапа чегип жатабыз. Тамакты аз беришет. Мүмкүнчүлүк болсо кызматкерлерге көрүнбөй карылар үйүнөн чыгып, бул жерден алыс эмес Текин базарында кайыр сурайбыз”-, деди карыялардын бири.

Айрым учурда жергиликтүү тургундар тамак-аш алып келип беришет.

Карылар үйүнүн жашоочулары телекөрөсөтүүгө тартуу учурунда жетекчилик дасторкон жайып, бардык шартты түзүп берерин, бирок чыныгы жашоодо аларга катаал мамиле жасаларын айтып даттанышууда.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы Ашхабаддагы №30 карылар үйүнүнө кайрылып, бул боюнча маалымат алууга аракеттенгени менен майнап чыккан жок.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 38 = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: