“Ички коопсуздуктун аскер кызматы болуп өзгөртүлдү деп жатасыз. Эмне үчүн “коопсуздук” деген сөздү коштуңуздар? Аталышы туурабы? Чечмелеп берсеңиз?”, – деп бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айнура Аскарова суроо узатты.
“Бул президент Сооронбай Жээнбековдун чечими болгон. Былтыр эле жарлыгы чыккан. Биз ушул жарлыкка шайкеш келтирип жатабыз. Өзүбүз ойлоп чыккан жокбуз”, – деп жооп берди Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев.
Депутат Айнура Аскарованын айтымында, башка өлкөлөрдө “ички аскерлер” деп эле айтылат.
“Муну сураганымдын себеби башка өлкөлөрдө “ички аскерлер” деп эле аталат болуш керек. Болгону ИИМдин пикирин эле сурадым. Эмне себептен коштуңуздар деп”, – деди депутат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ