“Эми коронавирус бизге да кирип келди, өкмөт колунан келишинче жакшы аракет кылып жатат, биз баарыбыз биригип өкмөткө жардам беришибиз керек. Мухаммедкалый Дүйшөкеевич, мен коронавируска карыш күрөшүү эсебине бүгүн эле 1 миллион сом которуп берүүнү чечтим. Мага эсепти бергиле, каякка которуш керек? Башкаларды да, айрыкча ишкерлерди ушундай кадамдарга чакырам”, – деп билдирди бүгүн, 19-мартта КР Жогорку Кеңешинин отурумунда өкмөттүн маалыматын угуп жатып депутат Камчыбек Жолдошбаев.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ