АКШнын Улуттук чалгын кызматынын башчысы Дэниэл Коутс мекеме ноябрда өт ө турган Конгресс шайлоосуна кийлигишүүлөр болот деп тынчсызданып жатканын билдирди. Анын айтымында, Орусия — демократиялык процесстерге таасир этүүнү каалаган жалгыз өлкө эмес.
Ошол эле маалда Коутс америкалык атайын кызмат Москванын Кошмо Штаттарды алсыратуу жана бөлүү аракеттерине көзөмөлдү уланта турганын белгиледи. Анын айтымында, Орусия бул процесстерге кийлигишүү үчүн түрдүү куралдарды колдонууда.
2-августта америкалык сенаторлор Москванын АКШдагы шайлоолорго ыктымал кийлигишүүсүнө, Крымды аннексиялоосуна жана Сириядагы саясатына жооп катары Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун тааныштырышкан. Июлдун аягында америкалык саясатчы Боб Коркер Орусияша каршы ноябрдын соңуна чейин жаңы санкцияларды киргизүүнү убадалаган.
Вашингтон Орусияны хакерлердин, ЖМКлардын жана социалдык түйүндөрдүн жардамы менен АКШдагы 2016-жылкы президенттик шайлоого кийлигишкен деп айыптоодо. Орусия башка өлкөлөрдөгү добуш берүүлөргө таасир этүү аракетин четке кагып келет.
Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ