Menu

Кылычбек Бакасов, “Жүргүнчүлөрдү ташуу ассоциациясынын” президенти: “Алыс жолго чыкчу таксилер лицензия алышы керек”

Бөлүшүү:

Баарыбыз өлкөнүн туш тарабынан борборго келебиз. Бишкектен кайра аймактарга каттайбыз дегендей… Атайын белгиленген жерлерде ар бир аймакка барчу таксилер күтүп турат, барып түшүп кете бермей…

Кызыгы, таксисттин жашы, тажрыйбасы, машинанын абалы эч кимди кызыктырбайт. Мына ушул маселенин айынан жүздөгөн жарандар каза болуп, айрымдары өмүр бою майыпка айланууда. Бул көйгөйдү чечүү үчүн«Жүргүнчүлөрдү ташуу ассоциациясын тиешелүү жерлерге кайрылып, жооп ала алышкан эмес. Эсиңиздерде болсо, бул боюнча Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинде эки жолу отурум болуп, бирок көйгөй чечилбей ачык бойдон калган. Бүгүн дал шаардын ичиндеги жана аймактарга каттаган такси кызматынын абалы, көйгөйү, өкмөттүн бул боюнча аракеттери жөнүндө кеп кылабыз.

Аймактарга кеткен таксилердин абалы

Кыргызстандын тээ тоо аралаган айылдарынан баштап экинчи борбору болгон Ош шаарына чейин адам ташыган такси кызматындагылардын акыбалынан кабар алган эч ким жок. Анткени мыйзамда бул такыр каралган эмес. Деги эле таксисттер бир мекемеге баш ийбеген эркин куштар. Мамлекетке бир тыйын акча төлөбөйт, өздөрү каалаган мөөнөттө келип-кетип жүрө беришет. Ким кааласа машина сатып алып, эртеси таксиге чыга берсе болот. Керек болсо бир сутка бою уктабай келип кеткен таксисттер четтен чыгат. Узак жолдогу таксисттердин мындай ээнбаштыгын жоюунун жолдору барбы деген суроого жооп издеп жүргүнчүлөрдү ташуу тармагында иштегендерге суроо салдык.

Кылычбек Бакасов, “Жүргүнчүлөрдү ташуу ассоциациясынын” президенти: “Таксисттер өз билгенин жасап жатышат”

—Кылычбек Хамзаевич, аймактарга кеткен таксилердин техникалык абалын, айдоочуларлын өзүм билемдигин жөнгө салчу орган барбы бизде?

—Тилекке каршы жок. Ким кааласа таксист боло алат. Аны жашың канчада, физикалык, пси-ологиялык абалың кандай деп сурап койгон эч ким болбойт. Себеби такси кызматын аркалагандар бир да мекемеге баш ийбейт. Кыскасы баш аламан. Мисалы ошол эле Ат-Башы, Балыкчы, Токтогул шаарчаларынан келген таксисттер Бишкекке жетип туруп, кардар чыгып калса, кайра артка жөнөшөт. Адам кааласа, каалабаса да физикалык жактан чарчайт. Акчанын артынан кууган шоопурлардын айынан учурда кырсыктар көбөйүп, бейкүнөө адамдар каза табууда. Мунун баарын алдын алып, жөнгө салып коюуга акчанын да кереги жок. Жөн гана тиешелүү чечимдерди кабыл алыш керек.

—Тагыраагы кандай чечимдерди?

—Мисалы ошол таксисттердин баарына лицензия алууну милдеттендирүү зарыл. Лицензияны өкмөт кайсыл бир ЖЧКга бекитип, лицензия берсе, алар баардык эл ташыгандарды көзөмөлгө алышаг. ЖЧК мыйзам алдындагы жоопкерчилигин мойнуна алып, айдоочулардын физикалык абалынан тартып, айдаган унаасын да текшерип турушмак. Анткени алардын мойнунда чоң жоопкерчилик Кудай менен мыйзамдын  алдында пайда болот. Учурда мунун бири жок, ар ким өз билгенин кылып, ирээтсиз болуп кеттик. Шопурлар тигил бул жактан кишилерди салып, жанталашып айдап келишет, кайра Бишкектен карлар топтоп кетип калышат. Шоопурду уктадың беле деп текшерип койгон орган жоктугуна зээним кейийт. Элдин коопсуздугу биринчи орунда дейбиз. Бирок калктын өмүрүн өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илип алган таксисттерге карматып, көзөмөл кылбай жатышат.

Мунун баарын транспорттук инспекцияга өкмөт тараптан милдеттендирилсе, алар көзөмөлдөп турмак, тартип да болмок. ЖЧКлар өз билгенинче жүрүп, каалаган убакта келип, кетип жүргөн таксисттерди тыйып, атайын график менен иш алып бармак. Буга чейин 5-10 жылдап лицензия алып иштеп жүргөн атайын ЖЧКлар бар. Лицензияны ошолорго берип, милдеттендирүү зарыл. Айрымдар бул жерде чоң акча бар экенин билип, жаңы түзүшү мүмкүн. Алар өздөрүн өздөрү материалдык, техникалык жактан камсыздай албайт. Таксисттерди текшерип тура турган наркологдорго, техникалардын абалын карап иштегендерге акча төлөш керек да.

—Эл ташыган унааны айдаш үчүн айдоочулардын канча жылдык тажрыйбасы болуш керек?

—Азыр кимдир бирөө айдоочулук күбөлүгүн бүгүн алып, эртең машина сатып алып, бүрсүгүнү таксиге чыгып кетишет. Жок дегенде эл ташып иштеген 3 жылдык тажрыйбасы бар адамдар болсо коркунучсуз эле. Ошол эле лицензия берип жатканда буга чейин каттамдарга чыгып жүргөн, 3 жылдан ашык иштеген фирмаларга уруксат берсе, алар ишти тез бүтүрөт. Муну да эске алуу зарыл.

—Таксисттерге лизенция берилип мыйзам өзгөрсө, айрым адамдар сол чөнтөккө түшчү акчаларынан айрылып калат го?

—Кептин баары ошондо болуп жатат. Таптакыр эле монополист болуп алышкан. Ушул ишке киришкенден бери чоң тоскоолдуктарга кабылып жатабыз. Ары-бери чуркатып, атаңа-энеңе бар кылып жатышат. Жогорку Кеңеште бул маселе транспорт комитетинде эки жолу каралган. Өкмөт тарап биз айтып деп чыккандан кийин эми кыймылдап экономика министрлигине жөнөттү. Бул абдан узак процесс. Буюрса, мунун баары ишке ашат деп ишенип олтурам. Бул менин жеке кызыкчылыгым эмес, жалпы жолдо жүргөн калктын кызыкчылыгы, коопсуздугу. Акыры бирөө айтып чыгып жогору жактагыларга жеткирбесе, качанкыга чейин жаңылыктардан «баланча кырсык болуп, түкүнчө адам каза тапты. Шоопур кармалды» деген кабарларды угуп олтура беребиз?

—Бул маселе боюнча жогорку жактагы таасирдүү адамдарга кайрылдыңыздарбы?

—Ооба, өзгөчө транспорт комитетиндегилер аябай колдоп, сиздин сунушунуз эң маанилүү нерсе деп жатышат. Сырттан келип бузгандарга дагы туруштук берип, биздин маселени чечүүнүн аракетинде. Бирок бардык нерсе депутаттардан эмес, аткаруучу кызматтан да көз каранды экен. Алар болсо айлантып ар нерсени сүйлөп, элге жакшы шарт түзүүнү каалабай, мурдагы жалкоо системаны эле колдоп олтурушат.

—Баса, чет өлкөгө кеткен эл аралык каттамдардагы транспортторго уруксатты ким берет?

—Алардын баары жеке менчик унаалар. Өлкөнүн ичиндеги таксисттердей эле аларды эч ким көзөмөлдөп, текшерүүгө акысы жок. Атайын мыйзамдарга тууралап, машинанын документтерин ырастап алып чыгып кете беришет. Андай узак жолдорго чыкканда шоопурдун жанында сөзсүз кошо айдашып кете турган бир адам болушу зарыл. Антпесе үч-төрт күндүк жолдо адам кааласа-каалабаса да чарчайт. 20 орундуу кичи автобустар Россиянын туш тарабына күн сайын Ош базарынын айланасынан кетет. Жүргүнчүлөрдү бир Кудай өзү сактасын. Кээде жетээр жерине жетпей жолдон машина бузулуп, кайра башка машинага олтуруп ошол бойдон табылбай калган жарандар дагы бар. Эгер биздин сунуш ишке ашып калса, аларды да көзөмөлгө алып, баары дыкат кароодон өтмөк.

—Эгер сиздер сунуштап жаткан дицензия алуу ыкмасына өтсөк, мамлекетке эмне пайдасы бар?

—Мамлекеттин эң чоң байлыгы бул эл. Элдин коопсуздугу биринчи орунда камсыз болот. Экинчиден албетте чоң суммадагы акча да түшмөк.

Тилек Оторов, «Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын» маалымат кызматынын жетекчиси: “Коопсуз шаардын экинчи этабы менен камералар коюла баштайт”

-Тилек мырза, узак жолдогу кырсыктардын алдын алуу үчүн кандай иш аракеттер болуп жатат?

-Кыргызстандын баардык аймактарына кеткен таксилерди эч ким көзөмөлгө албайт. Андай орган деги эле жок. Өздөрү билип адам ташып алып кете беришет. Кырсыктар албетте болот. Көбүнчө оң рулдуу унаа айдагандар кырсыкка көбүрөөк кабылышат. Себеби түшүнүктүү эмеспи, алар алдында машина болсо жолду көрө алышпайт. Дал ушундай кырсыктарды алдын алуу максатында коопсуз шаар долбоору каралган. Чүй областынын жана Бишкек шаарынын аймагында, ошондой эле Бишкек-Ош жолунун айрым тилкедеринде камералар орнотулгандан кийин адам өмүрүн алган кырсыктар азайды. Айрым учурларда гана материалдык чыгым келтирген жагдайлар кайталанууда. Коопсуз шаар долбоорунун экинчи этабында Бишдек-Ош, Бишкек-Торугарт, Бишкек-Каракол жолдорунун айрым чукул курулуштарына, кырсык көп катталган аймактарга камера коюлат. Мунун жыйынтыгында адам өмүрүн алган кырсыктар абдан азаят. Өлкөнүн туш тарабына адам ташыган айдоочуларга атайын түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турат. Бирок беш кол тең эмес дегендей, айрымдары биздин сөздү укпай, аткарбай катышат. Кичи автобустардын көбү беш алты адам салып, анан катуу ылдамдыкта айдап баратып бири-бири менен куушуп дагы кырсыкка кабылып калышууда. Андай учурда сөзсүз шоопур өз жазасын алат. Адам өмүрүн алган жагдайлар катталат. Бул өтө өкүнүчтүү нерсе.

Акжолтой Мамытканов, «ТКТТ» жоопкерчилиги чектелген компаниясынын директору: “Ар бир таксист лицензия менен иштеш керек”

—Акжолтой Асанович, учурда такси кызматындагыларды лицензия алсын деп талап кылып жатасыздар. Бирок айдоочулар оокатыбыз ушул жактан өтөт, эмнеге акча төлөйбүз деп жатышпайбы?

—Кыргыз өлкөсүндө адамдар ишкердик кылса же кайсыл бир акча табуунун жолун билсе, сөзсүз түрдө мыйзамдуу гана жол менен иш алып барыш керек. Ал салыктарды төлөп, баардыгы так болушу зарыл. Таксисттер адам ташып жатышабы демек, мамлекеттин мыйзамдарына жана кандайдыр бир мекемеге баш ийип, казынага акча төлөш керек. Мындай акчалар дал ошол лицензия берүү менен гана келмек. Эгер эл ташып иштейм дегендер болсо лицензиясы бар ЖЧКларга кайрылып, атайын наркологиялык психологиялык текшерүүдөн өтүшет. Ошол ЖЧК менен «кырсык болтурбайм, ичпейм, чекпейм. Уктабай айдабайм» деген бир нече бөлүмдөн турган келишимдерге кол коюп иштей бермек. Азыр ким кааласа таксист, адам өмүрү менен ойноп жатышат. Мынчалык ээн-эркин, өзүм билемдик жок, мыйзадуу иш алып барган таксисттер болсо эл дагы кооптонбой, коркпой түшүп кете беришмек. Таксилердин айынан миңдеген кырсыктар, адам өлүмдөрү катталып жатканын күн сайын теле-радио, гезит, интернеттин бетин бербей эле жазып атышат.

—Таксисттердин маселеси лицензия берүү менен чечилеби?

—Ооба, өздөрү каалагандай жүрө алышпайт. Анткени аларды караган ЖЧК машина техникалык абалын да текшерип турмак. Азыр шаарды карасаңыз маршрутка тосуу үчүн аялдамаларда эл батпай жатса, таксилер кошо туруп алышкан. Тартипке салыш үчүн нормативдик актыларды иштетип, лицензия алууну милдеттендирсе мыйзамга баш ийип иштеп калышмак. Биринчиден элдин коопсуздугуна өкмөттүн эң чоң салымы болмок. Мен чечүүчү органда олтургандар муну терең ойлонуп бир чечим кабыл алат деп ишенемин.

Нуржамал Тешебаева, Токтогул аймактык оорукананын башкы дарыгери: “2019-жылы 207 адам жол кырсыгынан жабыркады”

—Нуржамал Таштановна, акыркы үч жылда жалпы канча адам жол кырсыгынан жабыркап сиздерге кайрылды?

—Токтогул району Ош-Бишкек жолунун ортосунда жайгашкан эмеспи. Андыктан кырсыктаган айдоочулардын көпчүлүгү бизге жеткирилет. Каза тапкандар, эң өкүнүчтүү жаш балдар дагы жок эмес. Мисалы 2017-жылга алсак, жалпысынан адам авто кырсыкка учурап кайрылган. Алардын ичинен 53 жаш балдар болчу. Чоңдордон 42 адам өлүп, 5 бала ар кандай жаратынан улам көз жумду. 2018-жылы 324 жол кырсыгына кабылган адамга жардам көрсөттүк. Тилекке каршы 32 чоң адам, алардын ичинен 1 бала каза тапты. 2019-жылдын эсебинен бүгүнкү күнгө чейин 207 жабыркаган адам алып келишти. Алардын 29у жашы жете элек балдар болчу. 22 адам каза тапты, анын 9у жаш жеткинчектер эле. Ар бир айдоочуга дарыгер катары кайрылып кетет элем: «Шашпай, жол эрежелерин бузбай айдасаңыздар. Сиздер машинада канча адам болсо, ошонун баарынын өмүрүн алып келе жатасыздар».

Баян Кулова

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: