Menu

NRC: Мосулдагы лагерде ондогон тажик үй-бүлөлөрү бар

Бөлүшүү:

Ирактын Мосул шаарынын жанындагы убактылуу лагерде Тажикстандан келген 31 үй-бүлө бар. Бул тууралуу Качкындар маселеси боюнча норвегиялык кеңеш (The Norwegian Refugee Council (NRC) билдирүүдө. Буга чейин Reuters Түркия, Тажикстан, Азербайжан жана Орусиядан келген жоочулардын 1400дөн ашуун аялдары менен балдары Мосулдун түштүгүндөгү лагерде кармалып турганын кабарлаган.

Лагердеги балдар менен аялдар жоочу күйөөлөрү менен чогуу Таль-Афар шаарынан алыс эмес жерде күрд күчтөрүнө кармалганы маалымдалган. Күрддөр аялдар менен балдарды ирак аскерлерине өткөрүп беришкен. Reuters кабарлагандай, алардын арасында аз санда француз жана немис жарандары дагы бар.

Иракта жүргөн Качкындар маселеси боюнча норвегиялык кеңештин өкүлү Мелани Маркхэм ирактык аскерлер убактылуу лагердеги аялдар менен балдардын толук тизмесин түзгөнүн билдирди. 31 үй-бүлө Тажикстандан, 16сы Өзбекстандан келгенин ырасташкан.

Анын айтымында, ар бир тажик үй-бүлөдө экиден алтыга чейин киши бар. Ал котормочулар жок болгондуктан сүйлөшүү кыйынга туруп жатканын, көбүнүн документтери жок экенин кошумчалады.

Тажикстан бийлиги ИМ жоочуларынын үй-бүлөлөрүн кайтарууга ниеттенүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: