Бүгүн, 10-августта Facebook социалдык тармагында Апрель баатыры, КСДПчы экс-депутат, азыр Атамбаевдин ишарааты менен “Мегаком” ишканасына кеңешчи болуп орношкон Меербек Мискенбаевдин жеке карточкасынын (Личный листок по учету кадров) фотокөчүрмөсү жарыяланды. Адатта мындай карточканы жарандар жумушка орношуп жатканда мекеменин кызматчылар бөлүмүнө толтуруп тапшырышат.
Ал карточкага ылайык Меербек Мискенбаев 1978-жылы Талас облусунун, Кара-Буура районунун Кайнар айылында туулган. 1991-жылы Бишкектеги Олимпиадалык резерв училищасына окууга кирип, аны 7 жылдан кийин, 1998-жылы аяктап “ПЕДАГОК по физкультуре” деген адистик алган. 2010-жылы “Ак шумкар” саясый партиясына мүчөлүккө кабыл алынган.
Акыркы кезде массалык маалымат каражаттары Меербек Мискенбаев “Мегаком” мамлекеттик ишканасына кеңешчи болуп дайындалып, айына 150.000. сом айлык алат деп жарыялашты. Журналисттер өзүнө кайрылганда Мискенбаев мунун баарын тастыктап, бирок айлыгынын суммасын так айтпай койгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ