Menu

Тажикстан калкынын 70% эмгек мигранттарынын эсебинен жашайт

Бөлүшүү:

Тажикстан Улутук банкы жүргүзгөн иликтөөгө ылайык, тажикстандык үй-бүлөлөрдүн 70 пайызга жакыны эмгек мигранттары которгон акчанын эсебинен күн кечирет. Калган 30 пайызы туугандарынын жана өздөрү тапкан кирешенин эсебинен жашайт.

Иликтөө быйыл жайында жүргүзүлүп, сурамжылоого эки миңден ашуун киши катышкан.

Улуттук банктын иликтөөчүлөрү аныктагандай, чет өлкөдө иштеген эмгек мигранттарынан акча алган ар бир 5-6-киши каражатты турак жай курууга же батир алууга жумшайт, 11 пайызы же дээрлик ар бир онунчу киши акчаны той өткөрүү үчүн коротот. Калгандары автоунаа же зер буюмдарын сатып алып, болбосо бизнестерин өнүктүрүүгө жумшайт.

Орусиянын Борбордук банкы 2018-жылы Тажикстандын жеке жактарына акча жөнөтүүнүн көлөмү 2,5 миллиард доллар, ал эми 2019-жылдын биринчи жарымында 1,1 миллиард доллар түзгөнүн маалымдаган. Бул 2013-жылга караганда эки эсеге аз.

Орусиядагы экономикалык каатчылыктан улам мигранттардын кирешеси төмөндөгөнүнө карабай, Тажикстан үчүн Орусия эмгек мигранттарын иш менен камсыздаган негизги өлкө бойдон калууда.

2019-жылы акча которуунун 78 пайызын Орусияда иштеген тажик мигранттары жүзөгө ашырышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 − 20 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: