Кыргызстандык дзюдочу Адил Мырзаев Казакстандагы Азия Кубогунун этабында жеңүүчү болду. Турнир 21-апрелде Алмата шаарында өттү.
Мырзаев 81 килограммга чейинки спортчулар арасында күч сынашып, беттешти 1/8 финалдан баштап, казакстандык Ерахан Нуридинди жеңип алды. Ал эми экинчи беттешинде дагы бир казакстандык дзюдочу Мейирбек Амангалиевди утуп, жарым финалга жолдомо алган.
Адил Мырзаев жарым финалда жана чечүүчү беттеште өзбекстандык спортчуларды — Абдулазиз Абдулазизов менен Жололиддин Курбонмуродовду жеңди.
Аталган турнирде кыргызстандык спортчулар 4 медаль утушту.
Булак: «13-квартал»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ