Сахалинде полиция кызматкеринин мурдун сындырган Кыргызстандын жараны үч жыл жалпы режимдеги колонияда эркинен ажыратылды. Бул тууралуу “Sakh.com” маалымат агенттиги билдирет.
Ага ылайык, мурда соттолгон 27 жаштагы кыргызстандык Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 318-беренесинин 2-бөлүгү боюнча, мамлекеттик кызматкерге кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу өмүрүнө жана ден-соолугуна коркунучтуу зомбулук көрсөткөндүгү үчүн күнөөлүү деп табылды.
Ал 2019-жылдын 2-мартында мас абалында кармалгандыгы аныкталды. Андан кийин кыргызстандык милиционердин мурдун сындырган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ