Menu

Данияр Казаков “Кыргыз туризм” менен бирге 7 жеке компаниясын башкарып жатат

Бөлүшүү:

Кыргыз өкмөтүндө бирин-бири кайталаган коёндой окшош мамлекеттик ишканалар көп. Мисалы, Маданият маалымат жана туризм министрлигинин алдында бакыйган Туризм департаменти бар. Бирок буга карабастан өкмөт быйыл 31-январда «Кыргыз туризм» мамлекеттик ишканасын түзүп, 18-мартта Данияр Казаковду жетекчи кылып дайындаган. Казаков ал кызматка дайындалганча: “АТА МУРАС” коомдук фондун, “Центрально-Азиатская Туристическая Корпорация”, “Ассоциация “Экономическая палата”, “А5ІА “Азия Стар Трэвэл», “Дос-Пласт», “Хамелеон Медиа Групп” фирмаларын түзүп, жетектеп жүргөн. Мамлекеттик чоң ишканага жетекчи болгондон кийин да, бүгүнкү күнгө чейин аталган фирмалардын жетекчиси болуп кала бергенин Юстиция министрлигинин сайтынан көрүүгө болот. Ал эми Казаковдун орун басары Гүлмира Карымшакова, “Центр развития квалификаций» – деп аталган борбордун деректири. Кыскасы, Казаков менен Карымшакова мыйзамды уруп ойнобой жеке бизнестеги фирмалары менен мамлекеттик ишкананы бирдей башкарып, чалмакейди болушунча чалып жатышкан кези. Казаковдун кеңешчилери менен юристтери бул мыйзамсыз ишти айтканга жарабай, алар деле тымпыйып олтурушат. Же алардын ооздорун төө тээп кетти беле? Мындай иштерге өкмөттүн тиши өтпөсүн көрүп жатабыз.

Бакиевдин тушунда Туризм департаменти «Кыргызстан -Санта Клаустардын өлкөсү» деген долбоорду алып чыгышып, катуу дүрбөшкөн. Ал долбоор болсо ишке ашпай, коомчулук тараптан катуу сынга алынганы жалпыга маалым. Ошол долбоордун идеясы ушул Карымшакова айымга таандык экен.

Чынында Казаков орун басары менен туризм жаатында эч кандай чеке жылытарлык иш жасап жиберген жок. Маселен, быйыл август айында журналисттерди чогултуп алып, туристтерди тартуу багытында «Ала-Арча» паркына 10 млн. доллар, Кой-Таштагы «Тёплых ключи» эс алуу борборун 200 млн. долларга реконструкция кылуу долбооруна Корея, Кытай компаниялары кызыгып жатканын жар салган. Бирок айтылган сөздөн ошол бойдон кабар жок. Негизи өкмөттөн Казаков жетектеген ишканага туризмди өнүктүрүү үчүн 50 млн. сом бөлунгөн. Ал каражатка эмне иштер жасалганы деле белгисиз. Казаков болсо бюджеттин акчасына чет мамлекеттерге байма-бай каттап, чабагандап жүрөт. Же ал мамлекеттерден инвестиция тартканы деле байкалган жок.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 + = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: