Чүй облусунун Байтик айылындагы интернаттардын биринде балдардын массалык уулануусу катталды. Бул тууралуу маалымат булактары билдирди.
Алдын ала маалыматтар боюнча, ар кандай курактагы 23 бала жабыр тартышкан: 8 жаштан 20 жашка чейинки курактагылар. Алар 3-балдар ооруканасына жеткирилген. Бардыгына керектүү медициналык жардам көрсөтүлдү. Жана алардын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык.
Эпидемиологиялык иликтөө жүрүп жатат. Алар эмнеден улам ууланганы азырынча белгисиз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ