Алмазбек Атамбаев бүгүн, 9-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антикоррупциялык кызматынын директору Дүйшөнбек Чоткараевди кабыл алды.
Жолугушууда Мамлекет башчысына мамлекеттик бийлик жана башкаруу системасында коррупция менен күрөшүү, антикоррупциялык чараларды андан ары өркүндөтүү жана коррупцияны алдын алуу жана бөгөт коюу иштери тууралуу маалымат берилди.
Президент коррупция менен күрөшүү иштерин дагы күчөтүү зарылдыгын белгилөө менен антикоррупциялык иш чаралардын натыйжалуулугун арттыруу, анын ичинде коррупциялык тобокелдиктерди ашкерелөө жана алдын алуу системасын бекемдөөгө багытталган таасирдүү чараларды кабыл алуунун маанисине көӊүл бурду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ