Биздин байлар укмуш кыйын эй! Амалдары түлкүнү аңга түртөт. Байып, жыйып алган соң эптеп мандатка жетет да, 5 жыл бою элдин жонтерисинен айлык алып, чет өлкөлөп, «бөтөлкөлөп» жыргай беришет. Ал эми иш жаатына келгенде оозуна кум тыгып алган баладан да жаман. Же иштешпейт, же кетишпейт. Айталы, Канат Исаевдин досу, Жогорку Кеңешке депутат болуп келген Сарсеитов Исланбек кандай максатта депутат болуп келгенин билбейбиз. Дегенибиз, мандат алганына бир топ убакыт болсо дагы ооз ачып, маселе талкуулаганын көрбөдүк. Бирок Исланбек мырза азыр коомчулукту мурункудай баёо ойлоп албаса экен. Анткени азыр коомчулук өтө активдүү. Убакыт деген учуп баратат. Сарсейитовго окшогондор эл ырыскысына момурап эле «тоюп» алып, «жуушап» жата бербеши керек. Маал-маалы менен «сүт» берип турушу керектигин да унутушпаса. Андыктан «саан» убагы өтүп баратат, Сарсейитов. Ооз ачып эмнеге депутат болуп олтурганыңызды, канча мыйзам жазып, калкка кандай жакшылык кылып ийгениңизди билдирип туруңуз. Болбосо сүт бербеген уйду «жеп түгөткүр экен» деп туруп, кыргыздар шарт эле «согум» кылып жибермейи бар.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ