Menu

Сыймык Жапыкеев Акылбек Жапаровдун жубайынын иши боюнча айтып берди. Ал буга чейин 200 миллион сом төлөгөн

Бөлүшүү:

Кыргызстандын Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын башчысы Сыймык Жапыкеев журналисттерге Акылбек Жапаровдун жубайы Анарага карата козголгон кылмыш ишинин жүрүшү жөнүндө айтып берди.

Анын айтымында, Ысык-Ата районунун аймагында катталган “МИС” компаниясы салык төлөбөгөн факты боюнча. Компания Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаровдун жубайы болгон Анара Барыктабасовна Жапарованын атына катталган.

“Бүгүнкү күнгө чейин Жапаровдун жубайы эки транш менен 200 миллион сомго салык төлөп келген, тергөө иштери дагы деле уланып жатат”, – деди Жапыкеев.

Эскерте кетсек, “MИС” компаниясы Ысык-Ата районунда 30га жакын өнөр жай, соода жана айыл чарба кыймылсыз мүлккө ээ болуп, камсыздандыруу төгүмдөрү жана башка социалдык төлөмдөр үчүн милдеттүү төлөмдөрдү жүргүзгөн эмес. Акыркы бир нече жыл ичинде компания нөлдүк салык отчетун берип, ошону менен мамлекеттик бюджетке 90 миллион сом өлчөмүндө өзгөчө ири зыян келтирген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: