Түркмөнстанда мыйзамсыз акча алмаштыруу айыбы менен кармалган коопсуздук кызматкерлеринин иши боюнча тергөө иштери уланууда. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы күч түзүмдөрүндөгү өз булактарына шилтеме кылып жазды.
«Тилекке каршы, тергөө кармалгандарды тагылган айыптарды моюнуна алдыртуу үчүн адаттагыдай эле кыйноолор менен коштолууда», – деди булак.
Анын айтымында, кыйноолордун айынан Улуттук коопсуздук министрлигинин камакка алынган 47 жаштагы кызматкери каза болду.
«Аны атайын эле өлтүрүшкөн болушу мүмкүн, анткени ал жогорку жетекчиликтин буйруктары тууралуу көп нерселерди билиши ыктымал болчу», — деди ал.
14-июнда Ашхабадда мыйзамсыз акча алмаштыруу айыбы менен ишкерлер, банк жумушчулары жана улуттук коопсуздук кызматкерлери кармалганы кабарланган.
Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ