Menu

Баткен облусунун башчысы менен БУУнун өкүлү Айзаданын окуясын коомдун трагедиясы деп баалашты 

Бөлүшүү:

Бүгүн, 9-апрелде Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Омурбек Суваналиев, БУУнун аялдар түзүмүнүн Кыргызстандагы өкүлү Улзийсурен Жамсран менен жолугуп,  7-апрелде ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын окуясын талкуулашты. Бул тууралуу  КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Кыз ала качуу бул салт эмес – ал кылмыш, зомбулук деген пикирин айткан Омурбек Суваналиев, адам уурдоо менен мажбурлап никеге туруу деген бул жапаайычылык. Мындай зордук зомбулукка чыдабаган кыздарыбыздын окуясы, өлүм менен аяктаганы аябай өкүнүчтүү. Мындай каргашалуу окуялардын кайталанышына жол бербөө боюнча биз алдыда  чукул кадамдарга барышыбыз учур талабы. Ошондуктан биз укук коргоо, жергиликтүү бийлик органдары эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү колго алып жатабыз деди. 

Улзийсурен Жамсран айым болсо өз сөзүндө БУУнун аялдар түзүмү, Айзада Канатбекованын жана Бурулай Турдалы кызынын каргашалуу окуясына байланыштуу, Кыргыз Өкмөтүнүн жана коомчулугунун аялдарга карата зордук зомбулукту жоюу аракетин толугу менен колдоого даяр экендигин билдирди.  

Тараптар жолугушууда аялдардын коомдогу орду, алардын укуктары жана мүмкүнчүлүктөрүнүн абалы боюнча пикир алышып, аймактын ар тараптуу өнүгүүсүндө гендердик теңчиликти камсыздоо, светтик өлкө катары, аялдардын активдүү жашоо образын калыптандыруу боюнча демилгелерди ишке ашыруу багыттарын талкуулашты. 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 − = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: