Menu

Айткан сөзүнөн айныган Абдыкадыров

Бөлүшүү:

Гезитибиздин өткөн санында белгилүү режиссёр Нурлан Абдыкадыровдун маегин жарыялаганбыз. Кабарчыбыз аны какатып жатып, кыргыз киносундагы жана Кино департаменттеги коррупциянын анча-мынча, чет бучкагын айттыргандай болгон. Ал сактанып, Бектеналиевдин атын баса белгилеп айтпастан, “аны, анын ишин баары билет, президенттик аппараттын башчысы Эсеналиев да жакшы билет. Бирок чара көрбөй жатат” деп айткан. Анын маеги толугу менен камерага тартылып
алынган. Бирок ошого карабастан, Абдыкадыров гезит чыккандан кийин кайсы бир гезитке чуркап барып: “Мен М. Бектеналиевди коррупционер деп айткан эмесмин” – деп айтып, биздин журналистке айткан өз сөзүн өзү четке кагыптыр. Кызык экен, ошол 20 мүнөткө созулган видео-маеги “Чагылган” сайтында илинип турат. Ошону жакшылап угуп албайбы десең. Буга чейин ал Бектеналиевге каршы чыгып, мамлекеттен киного деп бөлүнгөн каражатты жалаң таластык жердеш режиссёрлорго бөлүп берип жатат деп, баарын эсептеп ал тургай ийне-жибине чейин чийилген схема түзүп чыккандардын бири. Анан эми эле Бектеналиевге жагынгандай болуп, анын алдында “бүк” түшүп жатканы кандай? Же Бектеналиев, жазган сценарийлериңдин бирине акча берем деп колун ушалатып койгонбу? Чынында Бектеналиевдин “коррупциясын” билбеген адам жок. Аны режиссёрлордун 70-80 пайызы ачык эле айтып жүрүшөт. Кошомат кылып, андан киносуна акча алып келген гана айрым режиссёрлор ага сын айта алышпайт. Болбосо, ЖК депутаты Садык Шернияз, Маданият министри Жамангулов дагы жердеши Бектеналиевдин кандай ботко чалып, жыргап жатканын эң сонун билишет. Болгону ачык айтышпайт, калкалашат, жашырышат. Чындыкты чыркырап айта алышпай, өз абийирлерине камчы урган эр-азаматтарга ишенген элибиздин да шору аз эмес эй. Маданиятка күйөт деген адамдар минтип айткан сөзүн танып, эчак “бокочо” болуп бүткөндөрдүн алдында жалтактап турганы кантип жакшы болсун.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 90 − = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: