Кыргызстанда алгачкы жолу “Оскарга” окшогон сыйлык ачылды, ал “Muza 2020” деп аталды. Сыйлыкты тапшыруу аземи кечээ, 9-январда, Бишкектеги ресторандын биринде болуп өттү. Уюштуруучулар 4 чыгармачыл топ, алардын башында турган ырчы Сыймык Бейшекеев. Ал мурунку муундун чыгармачыл адамдарына сыйлыктарды тапшырды. Башкы байгени (статуэтканы) Кыргыз эл артисти Темирлан Сманбеков жеңип алды. Бул кишиге эмнеге берилгенин Сыймык Бейшекеев түшүндүрүп берди. Аны төмөндөгү видеодон көрүңүз:
Уюштуруучулардын бири ырчы Асел Турдалиева бул сыйлык «Оскар», «Ника» сыяктуу сыйлык экенин баса белгилеп, жыл сайын ушул датада өткөрүлүп тураарын жана чыгармачыл адамдардын татыктуусуна берилээрин айтты. Ошондой эле, ал бул сыйлык тапшыруунун максатына токтолду. Анын айтымында, бул сыйлык үч муундагы чыгармачыл адамдарга берилет. Алгачкы ачылышындагы сыйлыктар мурунку муундун өкүлдөрүнө тапшырылды. Кийинкиси ортоңку муундарга тапшырылат. Негизги эле максат үч муундун башын бир жерге бириктирүү экендигин жана бул сыйлык композитор, акын, жазуучу, сүрөтчү, ырчы. кыскасы. бардык өнөр адамына тапшырылаарын кошумчалады.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ