Menu

Токтайым Үмөталиева, укук коргоочу: “Шайлоонун таза өтөрүнө ишеним азайды…”

Бөлүшүү:

-Токтайым эже, кандай максат менен төртүнчү жолу президенттик шайлоого аттандыңыз?

– Шайлоо деген эл менен пикир алмашып, алардын тандоосуна ээ болуу. Шайлоонун шарапаты менен элдин бир топ көйгөйлүү маселелерин көтөрүп, аларды мамлекеттин туруктуу өнүгүү программасына киргизип, анын чечилишине болгон аракетимди жумшайм. Кудайга шүгүр, бүгүнкү күндө өткөн шайлоолордо мен сунуштаган бир топ идеялар акырындык менен ишке аша баштады.

– Алар кайсылар?

– 2005-жылдан баштап “жаңы төрөлгөн ымыркайга сүйүнчү 10 миң сомдон болуш керек. Ай сайын бала багууга 5 миңден кем эмес жөлөк пул берилиши керек”- деген сунуштарым азыркы парламентин өкүлдөрү тарабынан колдоого алынды. Бирок, мен сунуштаган каражат менен эмес, өтө аз суммада бекитишти. Ошондой эле Нурсултан Назарбаевдин “Евразия биримдиги – бул биздин континентин келечектеги коопсуздугун алдын алат”,- деп которгон сунушун биринчилерден болуп колдоого алгам. Буюрса, ал маселе да четинен колдоого алынып, Кыргызстан Евразия экономикалык бирикмесинин мүчөсү болдук. Ошондой эле 2009-жылы “аткаруучу бийликти толугу менен түштүккө которуп, түндүккө президенттин администрациясы менен парламентти гана калышы керек”- деген маселе көтөрүп, өзгөчө тез арада “ӨКМ жана укук коргоо органдары, банги зат менен күрөшкөн структуралар түштүккө ачылсын” деген аракетим да көз жаздымда калган жок. Четинен ишке аша баштап, түштүк резиденциясы да калыптана баштады.

– Шайлоодо элдин кайсыл катмары колдойт, кимдер добуш берет деп ойлойсуз?

– Мага көбүнчө карапайым эл, энелердин чоң тобу жана укук коргоо, сот органдарынан, мамлекеттик органдардын мыйзамсыз чечимдеринен жапа чеккендер, майда карыз кредит алып, үйлөрүн мощениктерге тарттырып жиберген жоон топ эл колдойт деген ишенимим бар.

– Бул шайлоодо чыныгы атаандашыңыз кимдер болот?

– Президенттик шайлоонун каттоосунан өткөндөрдүн баары атаандашым болот. Өкүнүчтүүсү атаандаштарымдын арасында элдин эсебинен байып, кол топтоо башталганда эле элдин добушун сатып жана күчкө салып, башкалардын топтоо баракчаларына кол койгонго акың жок деп карапайым калкты коркутуп-үркүтүп жаткандар бар.

– Кудай буюруп президенттик так буюруп калса, маселени чечүүнү эмнеден баштайсыз?

– Ишти мамлекеттик эне-баланы камсыздоо фондун ачуудан баштайм. Чет өлкөлөрдө окуп, билим алып, тажрыйба топтогон мыкты адистердин Кыргызстанга келип, мекенибизди өнүктүрүүгө салым кошо турган механизмдерди ишке ашырам. Кыскасы, болгон күчүмдү, мүмкүнчүлүгүмдү колдонуп, Кыргызстанды катар келген кризистен чыгарам.

– Негизи кайсыл тармактарга реформа жасагыныз келет?

– Эң биринчи медицина, билим берүү, сот системасына, маданият тармагына реформа жасап, кемтигин толтуруп, ашынган жерлерин алып салып, спортту өнүктүрүп, элимдин ден соолугун чыңдап, сергек жашоосуна шарт түзүп, жер жерлердеги социалдык инфраструктураларды өнүктүргүм келет. Ошондой эле эл аралык деңгээлдеги төмөн пайыз менен берген банк системасын өнүктүрүп, майда барат финансы топторду өзгөчө мыйзамсыз иштеген күрөөканаларды жойгум келет.

– Кол топтоо, президенттик шайлоонун күрөөсү кыйынчылык жараткан жокпу?

– Өзгөчө кол топтоо шайлоонун жыйынтыктарынан күмөн саноону туудурду. Себеби, азыр ар бир калемдин чийилгени чөнтөктүү жигитерибизди баа жеткис кылып, асманга чыгарып, шайлоо баштала электе эле үгүттөө ишине айландырып бир топ элдин үрөйүн учуруп салышты.

– Президенттик шайлоонун таза өтөөрүнө ишенесизби?

-Кол топтоодон кийин ишеним азыраак болуп калды.

-Талапкерлер арасында биригүү башталды. Сиз да кимдир бирөөлөр менен биригишициз мүмкүнбү?

– Аны убакыт көрсөтөт, биринчи кандидаттык мандатка ээ бололу. Анан башкасын чечебиз.

– Айрым талапкерлер кызмат соодалашуу үчүн шайлоого аттанып жатканы маалым болуп калды. Сизде андай максат жокпу?

– Мен үчүн кызмат максат эмес , менин негизги максатым мамлекетти мен сунуштаган моделге алып келүү. Жогоруда айткандай чет мамлекеттен илим, билим алып, тажрыйба топтогон жигиттерибиз, кыздарыбызды мекенине алып келип, иш менен камсыз кылуу. Чынында Кыргызстанда жумуш жок эмес, бар. Болгону, миңдеген иш орундарыбызды башка мамлекеттен келген жарандар ээлеп алып жатышат. Биздин жарандар башка мамлекетке барып, мигрант болуп иштеп, ден-соолугун жоготуп жатышат.

– 7-апрелде ак жоолукту булгалап, мөндүрдөй жааган октун алдына баруудан корккон жок белеңиз? Азыр ал күндү ойлогондон коркпойсузбу?

– Жок, андай кезде коркунуч жоголуп эле бир жаран болсо да аман калса экен деп тилеп, өзүмө ок тийиерин ойлободум. Убакыт токтоп калат экен, адамдын каны төгүлгөн жерде. Мен чечимдерди тез кабыл алган машинага окшоп калгандай болдум. Демейде эки остановка баспаган жаным кантип баарына жетишип жатканымды билбей калдым . Балдар Ак үйдү алгандан кийин бутум баспай, мени Соң-Көл ресторанынын жанына балдар алып барып, “он мүнөт жата туруңуз”-деп калтырышты. Ага да карабай “тез үйгө алып баргыла”: деп кийим алмаштыра коюп, Ак үйгө топтогон балдар менен 8и күнү саат 11ге чейин жыйнатып, саат 12.00дө биринчи пресс-конференцияны бердик. Он беш күндөй үйгө барганга убакыт болгон жок. Ал күндөрдү эстесе кантип жыгылып калбай жүргөнүмө таңгалам. Бул элдин күчү, деми экен көрсө. Бирок ошол 15 күнгө биздин майдан таркап чоң согушка жол бербей калдык.

– Эмне үчүн 7-апрелдеги жана Бакиевдер менен күрөшкөн эрдигиңиз эске алынып, кызматка келген жоксуз?

– Мен кызмат үчүн эмес элимдин келечеги үчүн бардым. Мага бир эмес, эки үч кызмат сунуштады. Мен ошол мезгилде томуракай балдардын өлүп жаткандарын көрүп туруп министрликтерди басып, талкалап, тоноп жаткандарды көргөндө жийркенич пайда болду. Менин суранганым – “өлгөндөрдү жерге коюп, анан бийлик талашкылачы”- деп жалдырадым. Бирок, угушпай, андан ары Конституцияны талкалап, өз билгенин кылгандарды көргөндө зээним абдан кейиди.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: