Menu

Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү кызматы кимдин куйругун басты

Бөлүшүү:

Адатта өкмөттүн өзүндө кайсы бир өкмөт түзүмүн кыска мөөнөттө текшерип жыйынтыгын чыгаруу үчүн ведомстволор аралык комиссия өзгөчө учурларда гана түзүлөт.

16-мартта өкмөт башчынын буйругу менен Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматты 23-мартка чейин текшерип, жыйынтыгын чыгарууну тапшырган. Эмне үчүн текшерүү себеби документте көрсөтүлгөн эмес.

Мындай улустун улуу күнү Нооруз майрамынын алдындагы шашылуунун сыры эмне деп иликтесек, жогорудагы аталган кызмат бийик даражалуу мамлекеттик кызматкерге караштуу жеке компанияны текшерип, былыктарын таап чыгып, ага кылмыш ишин козгойт.

Бул кабар өйдө жакка жеткенден кийин дароо кайра өздөрүн текшерип чыгуу үчүн көз ачып-жумганча комиссия түзүлөт. Эми жакын арада кайсы аткаминер креслодон кетип, чуу чыгарына жакында күбө болобуз.

Булак: “Жаңы Агым”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: