КСДП партиясынын лидери Чыныбай Турсунбеков төрагалыкка сунушталып жаткан Бакыт Төрөбаевдин да, Канат Исаевдин да каалоосу күч экенин билдирди.
Эске сала кетсек, төрагалыкка “Кыргызстан” фракциясы Канат Исаевди ал эми “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы Бакыт Төрөбаевди сунуштаган.
“Мен жаңы эле эки талапкер менен жолугуп келдим. Өз ара сүйлөшүп көпчүлүк коалициядан бир талапкерди сунуштайлы деп айттым. Бирок, Бакыт Төрөбаевдин да, Канат Исаевдин да каалоосу күч, экөө тең спикер болууну каалап турат”, — дейт Чыныбеков.
Булак: Sputnik Кыргызстан
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ