Menu

АКШда мурунку аскер кызматкери мамлекеттик сырларды уурдаган деп айыпталууда

Бөлүшүү:

Бейшембиде АКШнын Башкы прокуратурасы мурдагы аскер кызматкери Гарольд Мартинге 500 млн ашуун бет мамлекеттик документти уурдаган деген айып такты. Гарольд Мартин отставкага чыккандан кийин Улуттук коопсуздук агенттигинин электрондук чалгын тармагында келишим менен иштеп жаткан.

Мартин тыңчылыкка шектелип, август айында эле кармалган. Айыптоо корутундусуна ылайык, ал документтерди жыйырма жыл аралыгында аз-аздан алып чыгып кетип жүргөн. Документтердин айрым бөлүгү кагазда, айрым бөлүгү флешкаларда сакталган.

Booz Allen Hamilton корпорациясынын кызматкери катары Гарольд Мартин АКШга каршы өлкөлөр үчүн киберкурал иштеп чыгууга тиешеси бар болчу.

Федералдык сот 21-октябрда анын баш коргоо чарасын карайт. Прокуратура маалымдагандай, Мартинге он чакты ок атуучу курал таандык. Прокуратура айыпталуучу уурдаган документтерин АКШнын душмандары менен бөлүшүүгө да жөндөмдүү деп бекемдөөдө, бирок ага расмий түрдө андай айып тагылган жок. Ал интернет аркылуу орус тилинде белгисиз бирөөлөр менен байланышып жүргөнү анык болгон жана анын чогулткан документтери чет мамлекеттер үчүн кызыкчылык жарата алмак.

Мартиндин адвокаты аны мекенине ак кызмат кылган атуул деп эсептейт. Мурунку кесиптештери Мартин тыңчылык тууралуу ойлонбогонун, болгону ал психикалык жактан жабыркап жүргөнүн айтышууда.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: