Menu

Мейилкозу Маматалиевдин «крышасы» ким?

Бөлүшүү:

Маматалиев 2008-жылы Бишкек шаарындагы №1-СИЗОнун жетекчиси болуп турган. Ошол жылы Рысбек Акматбаевдин жардамчысы болуп жүргөн карачай улутундагы Исмаил Кочкаров камакка алынып, дал ушул СИЗОдо кармалып турган. Маматалиев СИЗО жетекчиси катары өз билгенин жасап, эч кандай сопроводительное письмосу жок эле №47-колонияга Петровкага которуп жиберген. Ал жерден Кочкаровду өлтүрүүгө буйрук алган жан алгычтар ошол эле күнү Кочкаровду сегиз бөлүккө бөлүп устукандап таштаган. Бул кайгылуу окуя өз убагында коомчулукка чон резонанс жараткан. Байкуш Кочкаров «мени башка жерге которбогула, менин өмүрүм коркунучта» – деп жазган каты эч кимди ойлонткон эмес. Ал эми СИЗО жетекчиси Маматалиев адам тагдырын ойлобостон акчага сатылган. Ал мыйзамсыз иш кылган. Андан кийин Маматалиев кандайдыр бир себептер менен Жалал-Абаддагы түрмөгө жетекчи болуп барат да, ал жерден да жөн иштебей түрмөгө тиешелүү жер тилкесин жергиликтүү бийликтегилер менен чогуу табакташ болушуп сатып жиберишкен экен. Айыбы ачылып кылмыш иши козголгон ИИМдин 5-отделинен. Анан ал иш да көз жаздымда калса керек. Учурда Маматалиев Оштогу СИЗОго начальник болуп отурат. Же бизде жегичтердин даражасы көтөрүлө береби? ГСИНдин жетекчиси Алик Мамыркулов кадр тандаганды билбейби?!
Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: