Menu

Генерал Курсан Асанов: «2016-жылы милиция кызматкерлерине 120 кылмыш иши козголуп, 98 милиционер жумуштан бошотулду»

Бөлүшүү:

2016-жылы укук коргоо органдарына жалпысынан 2521 кайрылуу түшүп, 161 кызматкер катышкан 120 кылмыш иши козголуу менен, кынтыктуу жүйө менен 98 милиция кызматкери жумуштан бошотулган. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов бүгүн, 10-февралда Жогорку Кеӊештин Пресс-борборунда журналисттер менен жолугушканда билдирди.

«Ал эми 2017-жылдын башынан бери 13 милиция кызматкеринин үстүнөн 7 кылмыш иши козголду. Жакында эле өткөн Ички иштер министрлигинин Коллегиясында ишиндеги кемчиликтер үчүн 30 кызматкерге сөгүш берилди. Ошондой эле, айрым башкармалыктардын жетекчилери алмаштырылганын билесиздер. Коллегиянын мындай чечимине макул болбогон кызматкерлер сотко кайрылып, өз маселелерин чечип алса болот», – дейт Курсан Асанов.

Андан сырткары, жай отуруп баарлашуу учурунда Бишкек шаарын да жөнжай адамды сабаган эки милиция кызматкери 8-февралда камакка алынып, азыр тергөө иштери жүргүзүлүп жатканы белгилүү болду. «Аларга Кылмыш кодексинин «бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө жыйынтыгында аларга коюлган беренелер өзгөртүлүшү мүмкүн», – дейт ал.

Курсан Асанов жалпыга маалымдоо каражаттарында өзү жөнүндө да жагымсыз маалыматтар жарыяланып жатканын, анын ичинде журналистти сабады дегендей жалган маалымат тарагынын мойнуна алды. «Жолгушууга барсам, журналист Аслан Сартбаев, дагы бир ишкер менен депутат бар экен. Сүйлөшүп отуруп, анан тарап кеткенбиз, чыр-чатак деле болгон эмес. Эми, андай жалган маалымат журналисттин өз абийирде эле болсун», – деп кошумчалады генерал.

Эске салсак, буга чейин генерал Курсан Асанов журналист Аслан Сартбаевди сабады деген маалымат тараган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 + = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: